ПТ, 19 апреля 14:25
21.3°C Бишкек
USD: 89 EUR: 95.05 KZT: 0.19 RUB: 0.94

БАЛДАРГА ЖАСАЛГАН КАМКОРДУК-КЕЛЕЧЕККЕ ЖАСАЛГАН КАМКОРДУК

  • 15:13, 4 июн 2020
  • 491

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылынын алкагында, 1-июнь Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө жана балдарды коргоо, алардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү, балдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 27-майдан 27-июнга чейин салтка айланган “Балдар-биздин планетанын келечеги” бир айлыгы жарыяланды. Иш-чаранын планы бекитилип, балдар тарбияланып жаткан мекемелерге гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү.

Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 135,0 миң сомго 442 китеп сатып алынып берилди. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дагы өз аймактарындагы ден соолугунан мүмкүнчулүгү чектелген, ата-энесинен ажыраган, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарын куттуктоого 288,1миң сом акча каражаты бөлүндү. Балдарга майрам тартуулоого демөөрчүлөр тарабынан жалпысынан 10 000 сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.

Красная-Речка көмөкчү мектеп –интернаты, “Үмүт”, “Сюзен” патронаттык-адаптациялык борбору, “Алтын-Уя” үй-бүлөлүк типтеги үйү, “Гүлзар балалык борбору”,  “Детский ковчег Надежды”, “Алтын-Уя”, “Жибек-Жолу пансион” мекемелеринде тарбияланып жаткан 137 балага таттуулар жана балмуздак, суусундуктар таратылды. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башысы-акимдин орун басары Айша Орозобекова жогоруда аталган мекемелерде тарбияланган балдарга белегин берип, майрамдары менен куттуктады. Айыл аймактарында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да куттуктап барып таттууларды, китептерди белекке берип, ата-энелери менен пикир алышып, балдардын ден соолугу, жашоо абалдары менен жакындан таанышты.

Райондо Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата жергиликтүү маданият кызматкерлери, таланттуу балдар, өнөр адамдары тарабынан онлайн маданий иш чаралары өттү.

Район жетекчилиги тарабынан балдарга майрамдарда гана эмес дайыма көңүл бурулуп, аларды камкордукка алуу маселеси такай көзөмөлдө болуп келет. Балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө, алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп турат. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын колдоо, алардын окуусунун жетишкендигине өзгөчө көңүл буруу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен жакындан иш алып баруу колго алынган.

 

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!