СБ, 20 апреля 11:48
20.3°C Бишкек
USD: 89.01 EUR: 94.76 KZT: 0.19 RUB: 0.94

Д.Курманалиев айылында жаңы көпүрө курулду

  • 11:19, 5 авг 2020
  • 357

Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнө караштуу Д.Курманалиев айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин жаш  депутаты Ниязов Керим айылдын ичине чоң көпүрө куруп берди.  Жаңы көпүрө айыл менен жаңы конушту бириктирип турат.  Айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундардын катышуусунда көпүрөнүн ачылышына Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов барып катышты.  “Эл үчүн кызмат кылган азаматтардын чыгып жатканы кубандырат.  Кимдир бирөөдөн жардам күтпөй айыл ичинин өнүгүшүнө салым кошуп, мындай чоң ишти колго алганы үчүн ыраазычылык билдирем.  Көпүрө салуу сооп иш. Жасаган ишиң башкаларга үлгү болсун” деди аким өз созүндө. Айыл аксакалдары ак батасын берип, акжолтой көпүрө болсун деген ырым менен кызыл тасма кесип көпүрөнү ачышты.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!