ВТ, 23 апреля 19:09
14.4°C Бишкек
USD: 88.9 EUR: 94.74 KZT: 0.19 RUB: 0.95

Күч бирдикте

  • 16:24, 6 июл 2020
  • 348

Ысык-Ата районунда Covid-19 илдетинин алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана калктын ден соолугуна кам көрүү боюнча иштер тынымсыз жасалып жатат. Ар бир айыл өкмөттө стационарлар уюштурулган.

«Адал-Азык» жоопкерчилиги чектелген коому районго 4 даана кислороддук концентратор алып берди. Жергиликтүү калк дагы карап турбастан демилге көтөрүп жардамга кол сунуп жатышат. Ак-Кудук,  Милянфан айыл аймагынын жашоочулары өздөрү акча чогултуп 2 даанадан, Люксембург айыл өкмөтүнүн жаштары экини алып, дагы төртөөнү күтүп жатышат. Учурда райондо жалпы 10 кислороддук концентратор бейтаптардын саламаттыгы үчүн колдонула баштады.

«Раке» ЖЧКнын демөөрчүлүгү менен райондогу ооруканалар ичүүчү таза сууну ташып келүү уюштурулду.

Райондук мамлекеттик администрациясы жардамга кол сунган кампаниялар менен тыгыз иш алып барып жатат.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!