ПТ, 29 марта 21:55
10°C Бишкек
USD: 89.47 EUR: 96.55 KZT: 0.19 RUB: 0.96

СУУ КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗДАР!

  • 14:40, 10 июн 2020
  • 443

Ысык-Ата районунда  суу коопсуздугунун алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү. Бул багытта райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү иш алып барууда. Күндүн ысышы жана жай мезгилинин келиши менен сууга түшүү мезгили башталды.  Район тургундарынын сууга түшүүсү күн санап күч алууда. Ушуга байланыштуу адам өмүрүн сактап калуу максатында аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан эл көп баруучу суу обьектилерин кыдыруу, жергиликтүү калкка «Сууга түшүүдөгү коопсуздукту сактоо» жана «өрт коопсуздук эрежелерин сактоо», сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган жайларда сууга түшүүгө болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тыюу салынган жерлерге эскертүү жана тыюу салуу тактайчалары орнотулду.

“Ата-энелер балдарыңыздарга баш-көз болуп, чоң адамдардын көзөмөлүсүз  сууга түшүү жайларына жибербеңиздер. Суу-тилсиз жоо, адам өмүрүнө чоң коркунуч жаратат. Чоң кишилер спирт ичимдигин ичип сууга түшүүдө сак болуңуздар. Коопсуздукту сактаңыздар! ”-деп эскертишет КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!