ПТ, 29 марта 18:53
12.6°C Бишкек
USD: 89.47 EUR: 96.55 KZT: 0.19 RUB: 0.96

Турумбеков Максат Бейшенбекович

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары

Турумбеков Максат Бейшенбекович

1973-жылы 5-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красный-Восток айылында туулган.

1980-1990-жж. Красный-Восток айылындагы Орток орто мектебинен билим алган.

1991-1996-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык Академиясынын агрардык-инженер факултетинин студенти, окууну аяктагандан  кийин инженер-механик квалификациясына ээ болгон.

1999-2005-жж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика жана башкаруу факультетинде билим алып, экономикалык экспертиза адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1997-жылы “Соната” ЖЧКда коммерциялык агент болуп баштаган.

1999-2002-жж. “Соната” ЖЧКнун кампа башчысы;

2002-2003-жж.  “Кыргызайылэнерго” мүдүрүнүн орун басары;

2003-2009-жж.  ЖП башчысы, “Скай Мобайл” ЖЧК расмий дилери;

2009-2011 — жж.  “ФК Элсон ЛЛС жана KG” чет өлкөлүк фармацевтика компаниясынын башкы менеджери;

20.07.11-05.06.12 — жж.  Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү;

10.06.2012-10.12.2012-жж.  Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү;

07.12.2012-07.10.2016-жж.  Чүй облусунун Кант шаарындагы №25-кесиптик-техникалык лицейинин директору;

2013-2016-жж. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссисынын төрагасы.

07.10.2016-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо кимиссиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү;

08.01.2019-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келет.

1992-1996 жж. – Агрардык-инженердик факультетинин профсоюздук комитетинин  төрагасы болгон.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы.

Дзюдо жана улуттук күрөш боюнча I разряддын ээси.