Ысык-Ата районундагы Чу дарыясынын жээги бекемделди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан районду аралап өткөн Чу дарыясынын Ивановка жана Хунчи айылдарына чектеш аймактарында жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Бул багытта иш алып барган жумушчу комиссия акимдин орун басары Назгуль Исаева менен биргеликте кооптуу аймактарды бекемдөө боюнча жасалган иштер менен жеринен таанышып чыгышты. Ивановка айылына чектеш дарыянын жээгинин 305 метрин бекемдөөгө 16 млн сом, Хунчи айылына чектеш суунун жээгинин 345 метрин бекемдөөгө 14 млн сом каражат жумшалган. Чу дарыясынын жээктерин, кооптуу аймактарды бекемдөө боюнча мурунку жылы өткөн Элдик Курултайда маселе көтөрүлгөн. Анын негизинде Чүй областы боюнча дарыянын өтө кооптуу деп саналган аймактарын бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жаңырган жылы дагы райондогу кооптуу деген аймактарды бекемдөө боюнча сунуш берилди.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!