СБ, 20 апреля 19:03
19.9°C Бишкек
USD: 89.01 EUR: 94.76 KZT: 0.19 RUB: 0.94

Новости

Ысык-Ата районунда улуттук оюндарды жандандыруу, айыл аймактарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында райондук курама команданы тандоо боюнча көк бөрү оюну старт алды. Интернационал айыл аймагында уюштурулган көк бөрү оюнун райондун акими Руслан Тайгашкаев ачып, оюнчуларга ден соолук, ийгилик, ынтымак каалап өттү. Тандалып алган курама команда Нооруз майрамында өтүүчү оюндарга даярдык көрө башташат.
  • 16:20, 23 дек 2020
  • 798
 Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү. Жыйынга КР БШК тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, республикалык штабдын жетекчиси Максат Мамытканов, Кыргыз Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, […]
  • 16:15, 23 дек 2020
  • 903
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ысык-Ата райондук Үй-бүлөлүк  дарыгерлер борборуна жаңы, ичи медициналык жабдыктар менен  толук  жабдылган жаңы «Тез жардам» унаасы берилди.  Жай айларында демөөрчүлөр тарабынан дагы бир “Тез жардам” унаасы алынган. Буга чейин райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору эскилиги жеткен унааларды улам оңдоп колдонуп келген. Калк саламаттыгына кам көрүүдө, чакырууларга өз убагында жетүүгө унаалардын […]
  • 15:35, 15 окт 2020
  • 911
1990-жылдын 14-декабры БУУнун Башкы Ассамблеясында атайын токтомдун негизинде 1-октябрь улгайгандардын күнү катарында кабыл алынгандан бери эгемен өлкөбүз дүйнөлүк коомчулук менен бирдикте бул датаны «Улгайган адамдардын эл аралык күнү» катары белгилеп келебиз. Бул күндү белгилөөдө баарыбыз артка бир кайрылып, бүгүнкү төрдүн ээси болгон ата-апаларыбыз өз учурунда мезгилдин күчү, жаңы замандын куруучулары, күчкө толгон жаштар болгонун эстейбиз. […]
  • 09:04, 1 окт 2020
  • 893
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Ысык-Ата курортунда ден соолугун чыңдап, эс алышат. Бүгүн медицина кызматкерлеринин алгачкы тобу-56 адам эс алууга жөнөп кетишти. Аларды райондун акими Байыш Курманов башында турган райондук түзүмдүн жетекчилери узатышып, жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин, ыраазычылыктарын айтышты. Жалпы 160 медицина кызматкерлеринин эс алуусуна Кант цемент […]
  • 11:38, 5 авг 2020
  • 719
Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнө караштуу Д.Курманалиев айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин жаш  депутаты Ниязов Керим айылдын ичине чоң көпүрө куруп берди.  Жаңы көпүрө айыл менен жаңы конушту бириктирип турат.  Айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундардын катышуусунда көпүрөнүн ачылышына Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов барып катышты.  “Эл үчүн кызмат кылган азаматтардын чыгып жатканы кубандырат.  Кимдир бирөөдөн жардам күтпөй […]
  • 11:19, 5 авг 2020
  • 357
Ысык-Ата районунда Covid-19 илдетинин алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана калктын ден соолугуна кам көрүү боюнча иштер тынымсыз жасалып жатат. Ар бир айыл өкмөттө стационарлар уюштурулган. «Адал-Азык» жоопкерчилиги чектелген коому районго 4 даана кислороддук концентратор алып берди. Жергиликтүү калк дагы карап турбастан демилге көтөрүп жардамга кол сунуп жатышат. Ак-Кудук,  Милянфан айыл аймагынын жашоочулары өздөрү акча […]
  • 16:24, 6 июл 2020
  • 345
Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагына караштуу Гагарин (Рассвет) айылында жайгашкан таштанды жайында өрт чыкты. Өрттүн  кесепетин жоюу жана күйгөн таштандылардын түтүнү жакынкы айылдарды каптабашы үчүн райондук жетекчилик тарабынан  ыкчам чаралар көрүлдү. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери кооптуу делген болжол менен  50 сотых  аянттагы өрттү өчүрүштү. Жакынкы айдоо аянттарына, айыл чарба жерлерине өрттүн кесепети тийбеши үчүн […]
  • 14:37, 22 июн 2020
  • 461
Ысык-Ата  райондук жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын райондук бөлүмчөсү тарабынан жол боюндагы күйүүчү майларды мыйзамсыз сатуу жана тиричиликке керектүү газ баллондорду толтуруучу унаалардын документтеринин тактыгын аныктап, жөнгө  салуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын рейд уюштурулду.  Аталган рейд учурунда  күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткандар аныкталып, тиешелүу чаралар көрүлдү. Рейддин негизги максаты күйүүчү майлардын […]
  • 12:00, 22 июн 2020
  • 468
Ысык-Ата районунда  суу коопсуздугунун алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү. Бул багытта райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү иш алып барууда. Күндүн ысышы жана жай мезгилинин келиши менен сууга түшүү мезгили башталды.  Район тургундарынын сууга түшүүсү күн санап күч алууда. Ушуга байланыштуу адам өмүрүн сактап калуу максатында аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан эл көп баруучу суу обьектилерин кыдыруу, жергиликтүү калкка […]
  • 14:40, 10 июн 2020
  • 451
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылынын алкагында, 1-июнь Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө жана балдарды коргоо, алардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү, балдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 27-майдан 27-июнга чейин салтка айланган “Балдар-биздин планетанын келечеги” бир айлыгы жарыяланды. Иш-чаранын планы бекитилип, балдар тарбияланып жаткан […]
  • 15:13, 4 июн 2020
  • 491
1 / 3123