СБ, 27 апреля 06:21
5.8°C Бишкек
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

Күйүүчү майды мыйзамсыз сатууга тыюу салынат

  • 12:00, 22 июн 2020
  • 469

Ысык-Ата  райондук жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын райондук бөлүмчөсү тарабынан жол боюндагы күйүүчү майларды мыйзамсыз сатуу жана тиричиликке керектүү газ баллондорду толтуруучу унаалардын документтеринин тактыгын аныктап, жөнгө  салуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын рейд уюштурулду.  Аталган рейд учурунда  күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жаткандар аныкталып, тиешелүу чаралар көрүлдү.

Рейддин негизги максаты күйүүчү майлардын мыйзамсыз сатылышына жол бербөө, адамдын ден соолугуна коопсуздук жаратуунун жана өрт чыгып кетүү коопсуздугунун алдын алуу болуп саналат.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!