ПТ, 19 апреля 11:02
16°C Бишкек
USD: 89 EUR: 95.05 KZT: 0.19 RUB: 0.94

Карысы бардын — ырысы бар

  • 09:04, 1 окт 2020
  • 893

1990-жылдын 14-декабры БУУнун Башкы Ассамблеясында атайын токтомдун негизинде 1-октябрь улгайгандардын күнү катарында кабыл алынгандан бери эгемен өлкөбүз дүйнөлүк коомчулук менен бирдикте бул датаны «Улгайган адамдардын эл аралык күнү» катары белгилеп келебиз.

Бул күндү белгилөөдө баарыбыз артка бир кайрылып, бүгүнкү төрдүн ээси болгон ата-апаларыбыз өз учурунда мезгилдин күчү, жаңы замандын куруучулары, күчкө толгон жаштар болгонун эстейбиз. Мезгил агымында алар башынан нечен ачуу-таттуу күндөрдү кечирип, турмуштан топтогон тажрыйба, көрөгөчтүк, акылмандык менен бүгүнкү жаштарга багыт берүүчүлөр.

Карынын жылмаюусунда жүрөк жылыткан жылуулук бар. Ал жылмаюуну урмат-сый, бакыбаттуулук, кубаныч тартуулап биз гана жарата алабыз. Карыларга болгон камкордукту күчөтүү менен өсүп келе жаткан муунду улууларды сыйлоого үйрөтүп, үлгү болушубуз керек.

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар!

Сиздерге ден соолук, дөөлөттүү, бактылуу карылыкты каалайм. Сиздерге майрам күндөрү гана эмес, күн сайын бакубат жашоого ишеним берүү – биздин ыйык жана бийик милдетибиз деп эсептейм.

Байыш Курманов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!