ВС, 6 июля 01:33
22.3°C Бишкек
USD: 87.45 EUR: 102.95 CNY: 12.2 KZT: 0.16 RUB: 1.1

Дарыгерлер эс алышат

  • 11:38, 5 авг 2020
  • 2122
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Ысык-Ата курортунда ден соолугун чыңдап, эс алышат. Бүгүн медицина кызматкерлеринин алгачкы тобу-56 адам эс алууга жөнөп кетишти. Аларды райондун акими Байыш Курманов башында турган райондук түзүмдүн жетекчилери узатышып, жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин, ыраазычылыктарын айтышты.
Жалпы 160 медицина кызматкерлеринин эс алуусуна Кант цемент заводу, Ысык-Ата курорту демөөрчүлүк жасап, район жетекчисинин демилгесин колдоп беришкен. Дарыгерлерге арналып чакан маданий иш-чара уюштурулду.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!