СБ, 11 мая 09:31
13.3°C Бишкек
USD: 88.35 EUR: 95.26 KZT: 0.2 RUB: 0.95

Таштанды жайындагы өрт өчүрүлдү

  • 14:37, 22 июн 2020
  • 464

Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагына караштуу Гагарин (Рассвет) айылында жайгашкан таштанды жайында өрт чыкты. Өрттүн  кесепетин жоюу жана күйгөн таштандылардын түтүнү жакынкы айылдарды каптабашы үчүн райондук жетекчилик тарабынан  ыкчам чаралар көрүлдү. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери кооптуу делген болжол менен  50 сотых  аянттагы өрттү өчүрүштү. Жакынкы айдоо аянттарына, айыл чарба жерлерине өрттүн кесепети тийбеши үчүн тиешелүү аракеттер жүргүзүлдү.

Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!