СР, 24 апреля 18:06
16.5°C Бишкек
USD: 88.85 EUR: 94.81 KZT: 0.19 RUB: 0.95

Президенттик шайлоодо Форма-2 пайдаланылбайт

  • 16:15, 23 дек 2020
  • 906
 Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү.
Жыйынга КР БШК тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, республикалык штабдын жетекчиси Максат Мамытканов, Кыргыз Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин районунун акимдери, Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалары катышып, калктын жана шайлоо участкаларынын 2021-жылдын 10-январында өтө турган КР Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоого болгон даярдыгын талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндѳ мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир катар милдеттемелер тагылды. Алар: 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүнү даярдоо боюнча шайлоо комиссияларын байланыш, электр энергиясы, транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча кѳмѳк кѳрсѳтүү, биометиркалык каттоодон ѳтүү, ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча шайлоочулардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жер-жерлердеги шайлоочулардын пайда болгон кѳйгѳйлѳрүн чечүү, ѳзгѳчѳ категориядагы жарандар менен иш жүргүзүү, шайлоону ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо жана башкалар.
Ошондой эле шайлоочуларга 10-январда өтө турган шайлоодо Форма-2 пайдаланылбай турганын, андыктан шайлоочулар өздөрү каттоодо турган жеринен гана шайлай ала тургандыгын, же болбосо жашаган жерине каттоого туруу керектиги тууралуу маалыматты калкка жеткирүү маселеси коюлду.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!